Сколководо SchneiderElectric изилдөөчүлүк борбору ачылат

Сколководо SchneiderElectric изилдөөчүлүк борбору ачылат«Сколково» фонду жана SchneiderElectric РФ Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин катышуусу менен кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту.
«Сколково» фонду жана электр энергиясына башкаруу тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бири SchneiderElectric компаниясы бүгүн «Сколково» инноградындагы «Эко-офис» энергенатыйжалуу имаратта КРИИБ борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Документтин алдына колдорун «Сколково» фондунун президенти Виктор Вексельберг жана SchneiderElectric компаниясынын «Энергетика» бизнес-түзүлүшүнүн аткаруучу вице-президенти Фредерик Аббаль коюшту. Кол коюунун салтанаттуу майрамы «Сколково» фондунун кам көрүүчүлүк кеңешинин отурумунун алдында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевдин катышуусу менен болуп өткөн.

SchneiderElectric КРИИБ борборунун ишмердиги электр түйүндөрү үчүн электрэнергиясын бөлүштүрүүнү башкаруу системаларын, автономдук генераторлордужана ар түрдүү багыттагы түтүк өткөргүчтөрүн башкаруу системаларын иштеп чыгууну өркүндөтүүнү түзүүгө, SchneiderElectric чечимдеринин Россиянын шарттары үчүн көнүктүрүлүшү ж.б.у.с. тараптарга багытталат.
2017-жылга карата борбордун персоналынын саны 100 адамга чейин жете тургандыгы күтүлүүдө. SchneiderElectric уникалдуу эл аралык тажрыйбага жана интеллектуалдык электр түйүндөрүн түзүү тармагында иштеп чыгуулардын көп санына ээ. Компанияда Smart Grid тармагындагы компетенциялар борборлорунун бөлүштүрүлгөн түйүнү бар, жана «Сколководогу» КРИИБ борбору Schneider Electric илимий-изилдөө ишмердигинин дүйнөлүк картасындагы маанилүү түйүнү болуп кала алат.
SchneiderElectric буга чейин эле Россиянын аймактарында Smart Gridди сатып өткөрүү боюнча пилоттук долбоорлордун бир катарын ишке ашырып келүүдө. «Сколково» инноградынын аймагында SchneiderElectric «Эко-кеңсе» долбоорунда өзүнүн энергия натыйжалуулугу тармагындагы эң алдыңкы чечимдерин, ошондой эле комплекстүү энергия менеджментин ишке ашырат. Имараттын бардык инженердик системалары бирдиктүү интеллектуалдук башкаруу системасына бириктирилет, ал убакыттын ар түрдүү мезгилдеринде энергияны керектөөнүн мониторингин жүзөгө ашырууга жана керектөөнүн аналитикалык баа берүүсүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул системалардын иштерин оптималдаштырууга жана имараттын энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аналитиканы жана эксплуатациялоо шарттарынын өзгөрүүсүн эске алуу менен энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча максаттуу иш-чараларды жүргүзүүгө шарт түзөт. Бул чечимдер «Эко-кеңсеге» мүмкүндүк бере тургандыгы пландаштырылууда.

Категория: Окуялар

КООРДИНАТТАРЫБЫЗ


ДАРЕГИБИЗ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч., 147, 2-кеңсе

БАЙЛАНЫШТАР

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

Сиздердин бардык сурооңуздарга жана сунуштарыңыздарга канааттануу менен жооп беребиз!

Бизге билдирүү жөнөтүңү