BYOD орто бизнес үчүн

BYOD орто бизнес үчүн Cisco компаниясынын продукттар маркетинги жана корпоративдик сектор үчүн технологиялар боюнча вице-президенти Мари Хаттардын (MarieHattar) блогу
Сиздерде сиздин түйүнүңүздөрменен ким пайдаланатургандыгы тууралуу толук маалымат барбы жана ага кандай түзүлүштөрту таштырылган? Сиздин компания BYOD концепциясын ишке ашырууга азыртан эле киришип жатабы? Кызматкерлерге корпоративдиктү йүнгө карай алардын өздүк түзүлүштөрү менен кирүү уруксатын берип, сиз алардын ишинин өндүрүмдүүлүгүн жана өз ара кызматташуу деңгээлин жогорулатааласызбы? Андан тышкары BYOD кардарларды тейлөө сапатын жакшыртат жана аны лоялдуураак кылабы.

Cisco IBSG Horizons studyнин изилдөөлөрүнүн маалыматтары боюнча, 63% МТ-жетекчилери кийинки эки жыл ичинде кызматкерлерге тиешелүү түзүлүштөрдүн саны корпоративдик түйүндө жогорулай тургандыгын божомолдошот. Бул таң калыштуу деле эмес, анткени алардын көбү ишинде өзүнүн телефондору жана планшеттеринен пайдалангылары келет.

Cisco кеңсесинде туруп, мен көп учурда өзүмдүн i-Phone жана i-Padымды колдономун. Мын мында BYOD концепциясы чындыгында менин өндүрүмдүүлүгүмдү жогорулата тургандыгын тастыктадым. Ciscoдо аракетте болгон BYOD саясатынан улам биздин компаниянын МТ-кызматы, система менин кайсы түзүлүшүм түйүнгө байланышканына карабастан ишенимдүү түрдө корголгон бойдон кала тургандыгына ишенимде.

Ошону менен бирге көптөгөн компаниялар азырынча ушуга окшош саясатты киргизүүдөн сактанып турушат. Бир аз мурун өткөрүлгөн изилдөө BYOD колдонуучуларынын 40% өз телефондоруна сыр сөз орнотпогонун, ал эми беш адамдын ичинен экөө коргонуунун жада калса базалык протоколдорунан дагы колдонбой тургандыгын көрсөттү. Ошондуктан BYODду ишке ашырууга киришип жатып, эң алгач маалыматтык коопсуздук тууралуу эстөө керек.

Cisco BYOD орто бизнес үчүн түзүп жаткан проблемаларды аңдап түшүнөт. Биздин принцип жөнөкөй: компаниялар алардын маалыматтык коопсуздугуна эмне коркунуч туудуруп жатканын билүүгө тийиш, жана корголбогон түзүлүштөр аркылуу мүмкүн болуучу кол салуулар тууралуу билиши керек. Биз түшүнөбүз, орто чөйрөнүн ишканалары МТ-адистеринин чектелген санына ээ жана өз системаларына көп каражаттарды сала албайт. Жана дагы, сиздин МТ-кызматка колдонуучулар сиздин түйүндү кокусунан аярлуу кылып албоосу үчүн түзүлүштөрдүн кирүүсүн натыйжалуу башкарууну камсыздоого туура келип жатканын билебиз.
Ошондуктан биз BYODду жөнөкөйлөттүк. Эми МТ-адиси колдонуучуларды, алардын түзүлүштөрүн жана жайгашкан жерлерин мышканы бир нече жолу басуу менен эле тез зым менен жана зымсыз түйүндөр үчүн коопсуздук саясатын калыпка сала алат. Бирдиктүү түйүндү, бирдиктүү саясатты жана бирдиктүү башкарууну камсыздай турган Cisco методикасынан улам (Cisco One Network, One Policy, One Management approach), эми МТ-адис түйүндү башкарууга аз убакыт кетирет жана сиздин бизнести өнүктүрүү үчүн инновацияларды ишке киргизүүгө кунт коюп иштей алат.
Бир аз мурун ири европа радиостанцияларынын бири – Radio Max, жаңы кеңсеге көчүп кирип жатып, Cisco BYOD чечимин ишке киргизген. Эми коноктор жана кызматкерлер кыйналбастан эле өз түзүлүштөрүн радиостанциянын корголгон түйүнүнө туташтыра алышат. «Radio Maxтын штатынын кеңейгенине карабастан, ал акыркы жарым жылда 10 пайызга өскөн, түйүндүк өндүрүмдүүлүгүн олуттуу жакшыртты», – деп белгилейт Маркус Штангл (Markus Stangl), техникалык координатор жана техникалык бөлүмдүн жетекчисинин орун басары.
Дүйнө күн сайын улам туташылып келе жатат. Баарын камтып турган Интернет биздин турмушубузга жапырт кирди жана 2020-жылга карата 50 млрд материалдык объекттерди бириктирип калмакчы. Бул, сиздин түйүндө көбүрөк түзүлүш, көбүрөк колдонуучу – жана көбүрөк тобокелдик боло тургандыгын түшүндүрөт.

Категория: Окуялар

КООРДИНАТТАРЫБЫЗ


ДАРЕГИБИЗ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч., 147, 2-кеңсе

БАЙЛАНЫШТАР

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

Сиздердин бардык сурооңуздарга жана сунуштарыңыздарга канааттануу менен жооп беребиз!

Бизге билдирүү жөнөтүңү