Конференция: IT инфраструктурасындагы натыйжалуулуктун негизги моменттери. HitachiDataSystems, JuniperNetworks, AudioCodes

2015-жылдын8-октябрында NSP компаниясымаалыматтарды иштеп чыгуу борборлорунда заманбап технологиялардын мүмкүндүктөрүн пайдалануу, сабаттуу стратегияны жана компаниялардын МТ-инфраструктураларынын натыйжалуу жана коопсуз иштеп турушу үчүн негизги элементтерди тандоо боюнча конференцияларды өткөргөн. конференция GoldenTulip отелинде ишкер жана маалыматтык атмосферада өткөн. Конференциянын өнөктөштөрү - Hitachi Data Systems, Juniper Networks, Audio Codes.

Ар бир компания маалыматтарды иштеп чыгуу борборлорун түзүүгө карата жана бүткүл IT инфраструктурасын жалпы түзүүгө карата өз ыкмасын колдонот. Жана ар бир компания алардын натыйжалуураак иштешин жана корголушун алдына максат кылып коет. Конференцияда өзгөчө көңүл натыйжалуулуктун негизги моменттерине жана аны ишке ашыруу маселелерине бурулган. Конференцияда спикерлер катары Hitachi Data Systems, Juniper Networks жана Audio Codes компанияларынан келишкен өнөктөш адистер чыгып сүйлөшкөн. Компаниялардагы технологиялардын акыркы жетишкендиктери жана аларды потенциалдуу заказчылардын колдо бар системаларына карата ылайыкташтыруу методдору ачылып берилген.

Категория: Окуялар

КООРДИНАТТАРЫБЫЗ


ДАРЕГИБИЗ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч., 147, 2-кеңсе

БАЙЛАНЫШТАР

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

Сиздердин бардык сурооңуздарга жана сунуштарыңыздарга канааттануу менен жооп беребиз!

Бизге билдирүү жөнөтүңү