Түйүндүк жабдуу

NSP компаниясы CISCO жабдуусунун базасында түйүндүк чечимдердин катары сунуштайт.
Cisco –бул тармактагы эң кеңири аппараттык каражаттар портфели, алар маалыматтык түйүндөрдү куруу жана аларга карата жеткиликтүүлүктү берүү үчүн колдонулушат, плюс Cisco IOS операциялык системасы (түйүндүк кызматтарды жана тиркемелерди колдоп туруу үчүн арналган), долбоорлоо тажрыйбасы жана түйүндөрдү жайылтуу, ошондой эле техникалык колдоо жана түйүндүк иштерди тейлөө жана оптималдаштыруу боюнча кесиптик кызмат көрсөтүүлөр системасы.
Ciscoнун уникалдуулугу, ал – өз алдынча же өнөктөштөрү менен чогуу – жогоруда саналып өткөн ресурстардын бардыгын бере ала тургандыгында.
Cisco заказ кылуучуларды үч максаттуу рыноктордо тейлейт:
- Ири ишканалар, б.а. татаал түйүндүк муктаждыктары бар ири уюмдар. Эреже катары, алар ар түрдүү компьютердик системалар орнотулган көптөгөн бөлүмдөргө ээ болушат. Заказ кылуучулардын бул тобуна корпорациялар, мамлекеттик мекемелер, коммуналдык кызматтар жана окуу жайлары киришет.
- Сервис-провайдерлер–маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочу компаниялар, анын ичинде байланыш операторлору, Интернетке карата жеткиликтүүлүк провайдерлери, кабелдик компаниялар жана зымсыз байланыш операторлору.
- Маалыматтарды берүү жана Интернетке жана/же өзүнүн ишкер өнөктөштөрүнө карата жеткиликтүүлүк каражаттарына муктаж болушкан чакан жана орто ишканалар.

Көптөгөн башка технологиялык компаниялардан айырмаланып Cisco кайсы бир технологияга карата катуу тандоону жасабайт жана бул технологияны заказ кылуучуларга таңуулабайт. Cisco философиясы кардардын каалоо-тилектерин кунт коюп угууда, бардык мүмкүн болгон технологиялык альтернативаларды карап чыгуулар жана кардарга тандоосу үчүн мүмкүн болгон варианттардын кеңири спектрин сунуштоого камтылган. Cisco өз продукттарын жана чечимдерин жалпы кабыл алынган тармактык стандарттардын негизинде иштеп чыгарат. Айрым учурларда Cisco тарабынан иштелип чыккан технологиялар өздөрү стандартка айланышкан.

Түйүн–бул платформа
Түйүндү платформага айлантуу бүткүл технологиялык чынжырды өзгөртөт жана түйүндү жаңычылдык күч-аракеттердин топтолуу ордуна айлантат. Айрым баа берүүлөр боюнча 2010-жылга карата Интернетке 14 миллиард түзүлүш туташтырылмакчы. Түзүлүштөрдүн санынын кескин өсүүсү мындан ары дагы онлайн режимде аткарылып жаткан улам жаңы кызматтардын жана милдеттердин пайда болушун стимулдаштырмакчы. Аларга телефондук чалуулар, персонизацияланган издөө кызматтары, видео, түйүндүк оюндар жана көңүл ачуунун башка формалары кирет.
Түйүн жөн гана инфраструктура эмес болууда. Ал XXI кылымдын заказ кылуучусунун талаптарына калыпка салынган персонализацияланган кызмат көрсөтүүлөрдү - жаңы сервисти киргизип жаткан оператор, эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуучу чакан жана чоң ишканалар, же жекелештирилген көңүл ачууларды жана айкын убакыт ыргагында иштей турган кызматтарды издеп жаткан жеке колдонуучу үчүн коопсуз платформага айланууда. Интеллектуалдык түйүн платформага айланганына жараша, колдонуучулар каалагандай түзүлүштүн жана байланыштын каалагандай каналынын жардамы менен өз каалоосу боюнча баарлашуу мүмкүндүгүн алышат.
Cisco тармакты "түйүн борбордук" чөйрөгө алып барууда. Өзүнүн күчтүү жактарын (IP) интеллектуалдык технологиялар менен айкалыштырып, компания кубаттуу коммуникациялык платформаны жаратат, ал маалыматтарды, үндү, видеону жана мобилдик коммуникацияларды бирдиктүү коопсуз интеграцияланган архитектурага конвергенциялоо үчүн негиз болуп калат.


Категория: Кызматтар » ТҮЙҮНДҮК

НАШИ КООРДИНАТЫ


НАШ АДРЕС

Кыргызская Республика, г.Бишкек, Московская 147, офис 2

КОНТАКТЫ

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

С удовольствием ответим на все ваши вопросы и предложения!

Отправить нам сообщение