Fujitsu серверлери

Fujitsu серверлери
NSP компаниясы, Fujitsu компаниясы менен биргеликте, Маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборлору боюнча чечимдерди сунуштайт.
Маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборунун концепциясы


Маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборунда каалагандай сервис каалагандай системада иштей алат. Сервистер системалар ортосунда абдан тез кайрадан бөлүштүрүлүшү мүмкүн. маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборунунтүзүү үчүн биринчи кадам – сервистердин белгилүү аппараттык платформаларга карата катуу байланыштырылышы – виртуализация. Бардык аппараттык ресурстар (серверлер жана маалыматтарды сактоо системалары) алар андан зарылдыгы боюнча ийкемдүү бөлүнүлүшү мүмкүн болгон бирдиктүү пулга топтоштурулушат. Виртуалдык жана физикалык ресурстардын иштеп турушу практика жүзүндө толугу менен автоматташтырылган. Кайсы бир ресурс иштөөдөн баш тартканда же анын кубаттуулугу же көлөмү жетишсиз болсо, аракеттер автоматтык түрдө демилгеленет: бул автоматташтыруу. Ресурстар автоматтык түрдө сервистер ортосунда алдын ала аныкталган эрежелердин негизинде бөлүштүрүлөт. Бул эрежелер конкреттүү бизнес-процесстерде жана колдонуучулук ресурстары менен макулдашууларда базаланат. Алар сервистер деңгээли жөнүндө макулдашууларда көрсөтүлүшөт.

NSP Ltd стратегиясы –маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборлоруна карай жол
IT тармагындагы чечимдерди кабыл алышкан адамдар, айлананын квадратурасын табуу аракетине окшош көйгөй маселелер менен бетме-бет келишет! Алардын компания ичиндеги кардарлары маалыматтык технологияларды өндүрүштүк процессттерге тез киргизүүнү, катасыз иштөөнү жана оптималдуу колдоп турууну талап кылышат. Ошол эле учурда көп чыгашалардан улам IT-түзүлүштөр компаниялардын жетекчилигинин көзөмөлүндө туруктуу болушат, жана бул IT-сервистердин кеңейишине тоскоолдук кылат. Чыгашаларды кыскартууга карата чакырык – күндүн талабы. Ага жетишүүнүн жападан-жалгыз жолу – башка жол менен кетүү. Маалыматтарды иштеп чыгуунун динамикалуу борборлоруна өтүү жолуна карай (Dynamic Data Center, DDC).

Динамикалуу IT инфраструктура (Dynamic IT)
маалыматтарды иштеп чыгуу борбору – калькуляциялоо борборуна стратегиялык ресурска чейинки жол

Тейлөө деңгээлдерин чектөө жана жогорку талаптарга шайкеш келүү үчүн ресурстарды бөлүштүрүүнү андан ары динамикалуу башкаруу, процесстерге артыкчылыкты айкын убакыт ыргагында дайындоо жана көз ирмемде жаңы кызматтарды аны бизнес талап кылган каалагандай учурда тийиштүү инфраструктурасы менен киргизүү жөндөмү эми маалыматтык технологиялар бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин асман үстүндөгү тилеги болбой калды... ушул мүмкүндүктөрдүн баары динамикалуу IT-инфраструктурадан улам реалдуу болуп калышты. Биздин талашка кошулуңуз, өз суроолоруңуздарды эксперттерге бериңиз жана жаңы кызматтарды жайылтууну кантип ылдамдатуу жана ушул маалда операцияларды жөнөкөйлөтүү керектигине окуп-үйрөнүңүз.

Ийкемдүүлүк мурункудан алда канча маанилүү болуп калды – жаңы проблемаларга адекваттуу таасир кылуу жөндөмү, мурункудай эле, маалыматтык технологиялар чөйрөсүндө иштеген каалагандай компаниянын маанилүү милдеттеринин бири бойдон калууда.
Серверлерде Windows операциялык системасынын башкаруусу алдында бул проблемалар Microsoft үчүн динамикалуу IT-инфраструктуранын жардамы менен чечилет – ресурсту тиркемелерге, ал качан керек болгон кезде бөлүнө турган чечимдер. Серверлердин ресурстарын бириктирүү жогоркучыңалууларды жеңип чыгууга жардамдашат.

Fujitsu Technology Solutions компаниясы тууралуу:

Fujitsu Technology Solutions – өзүнө Европаны, Жакынкы Чыгышты, Африканы жана Индияны камтыган аймактагы инфраструктуралык чечимдерди алдыңкы ташып жеткирүүчү.

Компания ар түрдүү заказ кылуучулардын: ири корпорациялардын, чакан жана орто бизнести компанияларынын, ошондой эле жеке колдонуучулардын суроо-талаптарын канааттандырууга жөндөмдүү.
Fujitsuнун ишмердигинин стратегиялык багыты болуп динамикалуу инфраструктураларды иштеп чыгуу эсептелет, компания ИТ-продукттардын кеңири спектрин, чечимдерди жана сервистерди сунуштайт – персоналдык жумуш орундарынан тартып МИБ үчүн чечимдерге жана ИТ-инфраструктураларын башкаруу боюнча кызматтарга чейин.

Компанияда 10 000 ашуун адам эмгектенет.

Fujitsu Technology Solutions глобалдык Fujitsu Group компаниясынын бөлүгү болуп саналат.
Fujitsu Group ИТ-чечимдерди дүйнөнүн 70тен ашуун өлкөсүнө таркатат, жана 170 000 кызматкерлерди бириктирип турат. Fujitsuнун штаб-квартирасы Токиодо жайгашкан. 2010-жылдын 31-марты менен аяктаган финансы жылында, компаниянын консолидацияланган жүгүртүлүшү 4,6 триллион йен (50 миллиард доллар) болгон.


Кененирээк: http://ru.fujitsu.com/aboutus/company_information/index.html сайтында


Категория: Кызматтар » СЕРВЕРЛЕР

НАШИ КООРДИНАТЫ


НАШ АДРЕС

Кыргызская Республика, г.Бишкек, Московская 147, офис 2

КОНТАКТЫ

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

С удовольствием ответим на все ваши вопросы и предложения!

Отправить нам сообщение