Генератордук түзүлүштөр

NSP ЖЧКсы SDMO Industries француз генераторлорду өндүрүүчүнүн Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын аймагындагы авторизацияланган компаниясы жана сервис борбору болуп саналат.

Генератордук түзүлүштөрКомпания Брестте, Францияда SDMO заводунанинтенсивдүүокутуудан өтүшкөн инженерлерге ээ. Инженерлердин сертификаттары үч республиканын заказчыларынын талаптарына толук жооп бере турган 1- жана 2-деңгээлдеги орнотуу жана тейлөө укуктарын берет. Сунушталып жаткан продукциянын линиясы кубаттуулуктардын бардык категорияларын толугу менен камсыздап турат. «NSP» ЖЧКсы 900 Втдан 12 кВтка чейинки чакан кубаттуулуктагы портативдик генераторлор сыяктуу эле, 6 кВтдан 3000 кВтка чейинки стационардык генератордук станцияларды дагы бир нече электрстанциясын бирдиктүү электростанцияга чексиз синхронизациялоо мүмкүндүгү менен сатат.

Генератордук түзүлүштөрГенератордук түзүлүштөрГенератордук түзүлүштөр
Портативдик генераторлор отундун бардык түрлөрүндө (жаратылыш газы, дизель отуну, бензин) иштешет жана керектөөчүнүн колдо бар түйүнүнө кадимки розетка аркылуу же АВРдан борбордук түйүндөгү электр тогу өчүрүлгөн же иштетилген учурда генератордун ишин толук автоматташтыруу үчүн туташтырылышы мүмкүн. Бул категориядагы генераторлор жапон (Honda, Mitsubishi, Yanmar), немец (Hatz) же америка (Kohler) өндүрүшүнүн 3000 жана андан ашык саатка моторесурсту менен болгон кыймылдаткычтарында куралган. LeroySomer жана MeccAlte альтернаторлор өндүрүшүнүн лидерлеринен генерациялоочу блоктор. Колдонуучулардын талаптары боюнча портативдүү генераторлор шаардык режимде иштетүү үчүн ызы-чуудан коргоочу каптоолордо берилиши мүмкүн.

Генератордук түзүлүштөрСтационардык генераторлор ошондой эле дизель отунунда, бензинде же газда иштей алышат. Генераторлор АВР жардамы менен түйүндөгү электр энергиясынын сапатына көзөмөлдүк кылуу программалоочу блогу менен иштеп жаткан электр түйүнүнөн интеграцияланган болушу ыктымал. Генератордук станциялар жапон кыймылдаткычтарында Mitsubishi), америка (JohnDeere), немец (MTU, Mercedes), швед (Volvo) ж.б.у.с. өндүрүшүнүн кыймылдаткычтарында курулат. Альтернаторлорду өндүрүү лидерлери LeroySomer жана MeccAlteден генерациялоочу блоктор. Бул категориядагы генераторлор ачык аткарылган түрдө сыяктуу эле бардык аба ырайына, чуудан коргоочу каптоолордо дагы жеткирилиши мүмкүн. «NSP» компаниясы ошондой эле генераторлорду антивандалдык контейнерлерде өзгөчө жасап бере алат. SDMO стационардык генераторлору Интернет же GSM модемдин жардамы менен алыстан туруп мониторингдөө, көзөмөлдөө жана башкаруу опциялары менен бирдиктүү электр станциясына чектелбестен синхрондоштурулган болушу мүмкүн. Башкаруунун программаланган панелдери генератордун берилген жүгүртмөгө ылайык автономдуу тесттен өткөрүлүшүн жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Генератордук түзүлүштөр«NSP» компаниясы ошондой эле SDMO Industries өндүрүшүнүн ширетүүчү генераторлорун жана суу помпаларын сунуштайт. Бул жабдуу татаал шарттарда интенсивдүү колдонууга эсептелинген.
«NSP» компаниясы, өндүрүүчүнүн авторизацияланган өкүлү болуп туруп, ошондой эле сунушталып жаткан продукциянын сервистик тейлөөсүн көрсөтөт жана тиешелүү курал-жарактарга жана запастык бөлүктөр кампасына ээ.
Генератордук түзүлүштөр


Категория: Кызматтар » ЭНЕРГИЯ

НАШИ КООРДИНАТЫ


НАШ АДРЕС

Кыргызская Республика, г.Бишкек, Московская 147, офис 2

КОНТАКТЫ

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

С удовольствием ответим на все ваши вопросы и предложения!

Отправить нам сообщение