Үзгүлтүксүз азыктандыруу булактары

Үзгүлтүксүз азыктандыруу булактарыNSP ЖЧКсы Кыргызстандын аймагындагы APC by Schneider Electricтин авторизацияланган компаниясы жана сервис борбору болуп саналат. КомпаниянынАРСтин Москва борборунда интенсивдүү окутуудан өткөн инженерлери бар. Инженерлердин сертификаттары ар түрдүү чөйрө үчүн батареялык резервдөө менен электр азыктандыруусун коргоо системасынын ҮАБын орнотуу жана тейлөө укугун беришет: жалгыз компьютерлерден тартып маалыматтарды иштеп чыгуу борборлоруна жана заказ кылынуучу ҮАБнын өнөр жай системаларына чейин, бул толугу менен заказ кылуучулардын талаптарына жооп берип турат. Сунушталып жаткан продукциянын линиясы толугу менен кубаттууулуктардын бардык категорияларынкамсыздап турат. «NSP» ЖЧКсы 500 Вт дан 1500 Вт га чейинки аз кубаттууулуктагы үзгүлтүксүз азыктандыруунун чакан булактары сыяктуу эле, 1500 Втдан 1600 Втга чейинки масштабдала турган мүмкүндүгү бар орто жана чоң кубаттуулуктагы ҮАБдарды дагы сунуштайт.

ПКлар жана Back-UPS ES, Back-UPS CS, Back-UPS RS, Back-UPS HS серияларындагы жумушчу станциялары Үзгүлтүксүз Азыктандыруунун булактары. Батарея менен резерви бар баасы оптималдуу болгон түзүлүштөр жана үйдөгү жана кеңсе компьютерлери үчүн электр азыктандырууну коргоо баанын жана сапаттын сиздин бизнести жана кеңсеңиздин компьютердик системаларын коргоо үчүн мыкты катышын камсыздашат.

Түйүндүк түзүлүштөр жана Smart-UPS, Smart-UPS SC, Smart-UPS XL, Smart-UPS RT, Symmetra, Symmetra LX сериясындагы серверлер үчүн ҮАБлар - серверлер, телефон жана компьютердик түйүндөр үчүн батареялардан иштөө убактысын жана кубаттуулукту масштабдоону камсыздай турган резерви бар электр менен азыктандырууну жогорку сапатта, натыйжалуу, жогорку өндүрүмдүүлүктө коргоону камсыздашат.

Эсептөө борборлору жана Smart-UPS VT, Symmetra PX, Silcon, Symmetra MW, MGE Galaxy, MGE Comet серияларынын бүтүндөй объекттери үчүн ҮАБлар чакан жана ири маалыматтарды иштеп чыгуу борборлору үчүн электр азыктандыруусунун кепилденген корголушун камсыздашат.
«NSP» компаниясы, өндүрүүчүнүн авторизацияланган өкүлү болуу менен, ошондой эле сунушталып жаткан продукциянын сервистик тейленүүсүн дагы сунуштайт жана зарыл боло турган курал-жарактарга жана запастык бөлүктөр кампасына ээ.


Категория: Кызматтар » ЭНЕРГИЯ

НАШИ КООРДИНАТЫ


НАШ АДРЕС

Кыргызская Республика, г.Бишкек, Московская 147, офис 2

КОНТАКТЫ

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

С удовольствием ответим на все ваши вопросы и предложения!

Отправить нам сообщение