Аба ырайына карата жаңыча көз караш. PESSL Instruments жана Siap+Micros чечимдери менен биргелешкен долбоорлор

Аба ырайына карата жаңыча көз караш. PESSL Instruments жана Siap+Micros чечимдери менен биргелешкен долбоорлорPESSL Instruments (Австрия) Автоматтык Метеорологиялык Станцияларды (АМС) орнотуу.

Тамак-аш коопсуздугу – келечекке болгон ишенимдүүлүктүн негизги бөлүкчөлөрүнүн бири. Маалыматтык технологиялар (МТ)аба ырайынын тобокелдиктерин башкаруу мүмкүндүгүнө карата жаңыча кароону сунушташат. NSP ЖЧКсы ПРООНдун жана FAO (Food Aid Organization) каржылоосу менен ушул эл аралык уюмдар тарабынан алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн Автоматтык Метеорологиялык Станцияларды (АМС) орнотуу жана ишке киргизүү боюнча бир нече долбоорлорду иш жүзүнө ашырган. Бул долбоорлордун максаты болуп аба ырайы шарттарына байкоо жүргүзүү жана аларды Кыргыз Республикасындагы айыл чарба ишмердигинин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн божомолдоо эсептелет.
NSP ЖЧКсы өндүрүүчү компания жана аба ырайына байкоо жүргүзүү жана божомолдоо технологияларын иштеп чыгуучу PESSL Instrumentsтин сертификатталган өнөктөшү болуп саналат. Суусамыр өрөөнүндөгү АМСны орнотуу боюнча долбоор ПРООН грантын алуучу уюмдун бардык талаптарына ылайык аткарылган. Талаптардын негизинде техникалык тапшырма калыптандырылган жана зарыл болуучу долбоордук документтер жана чиймелер даярдалган. NSP долбоорлоштуруучулары метеорологиялык аянттын конструкциясын жана бийик тоонун татаал климаттык шарттарында эксплуатациялоо үчүн метео жабдуунун мачталарын иштеп чыгышкан. Долбоордун документтерине ылайык АМСти монтаждоо үчүн бардык компонеттер даярдалган. Татаал тоо шарттарында бардык курулуш-монтаждоочу иштер жүргүзүлгөн жана Суусамыр өрөөнүндө АМС орнотулган. Донорлор жана ПРООНдун грантын алуучулар объектти КР мыйзамдарына ылайык кабыл алышкан.
FAO (Food Aid Organization) тарабынан каржылануучу долбоорлор Кара-Балтадагы жана Ноокендеги АМСти орнотуу жана туташтырууну караштырган. Кара-Балтада АМСти орнотуу жүзөгө ашырылып, анын тесттен өткөрүшкөн. Ноокенде, мурда орнотулган АМСтерге карата кошумча датчиктер орноштурулуп, бардык АМСтер жана сервистик тейлөө тесттен өткөрүлгөн. NSPнын инженерлери грант алуучу уюмдун кызматкерлерин жана ноокендик айыл чарба адистерин талаа шарттарында окутууну жүргүзүшкөн.
Азыркы учурда NSP компаниясы Кыргызстандын бардык областтарындагы 37 объекттеги Автоматташтырылган Метео Станцияларды модернизациялоо боюнча долбоорду ишке ашырууга тартылган. Дүйнөлүк банк тарабынан каржылануучу жана Италиялык Siap+Micros компаниясы тарабынан аткарылып жаткан КыргызГидрометтин долбоору өзүнүн алдына өлкөдөгү аба ырайы боюнча кырдаалды өз маалында алууну жакшыртууну максат кылат.

Категория: Долбоорлор

КООРДИНАТТАРЫБЫЗ


ДАРЕГИБИЗ

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Москва көч., 147, 2-кеңсе

БАЙЛАНЫШТАР

тел.: +996 (312) 976-158, факс: +996 (312) 976-958
e-mail: info@nsp.kg

Сиздердин бардык сурооңуздарга жана сунуштарыңыздарга канааттануу менен жооп беребиз!

Бизге билдирүү жөнөтүңү